Казакстан Атамбаевге жардам берүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан жана Казакстандын желектеринин архивдик сүрөтү
Кыргызстан жана Казакстандын желектеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Казакстандан кандайдыр бир жардам сурап кайрылса, боордош элге кол сунууга даяр.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Казакстан эгер Кыргызстандын президентине кандайдыр бир жардам керек болсо, көмөк көрсөтүүгө дайым даяр экенин Казакстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Мухтар Тлеуберди Sputnik Казакстан маалымат агенттигине билдирди.

Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов Казакстандын атынан БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышып жаткандыктан Тлеуберди ТИМ жетекчисинин милдетин аткарууда.

Ал Атамбаев менен Назарбаевдин ортосунда достук мамиле бар экенин баса белгиледи.

"Андыктан биздин мамлекет башчы өлкөдөгү бардык саясатчылар жана тышкы иштер министрлиги анын тез арада сакайып кетишин каалайт", — деди Тлеуберди.

Эске салсак, 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн бараткан өлкө башчысы Стамбулга конгондо өзүн жаман сезип, жүрөк тушу ооруп жатканын айткан. Аны аэропорттон Тез жардам кызматынын унаасы менен алып кетишкен.

Алмазбек Атамбаевге буга чейин кандай операциялар жасалып, кайсы өлкөдөн медициналык кароодон өткөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0