09:52 25 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Россия президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун жесири менен кызына көңүл айтты.

Путин Ислам Каримовдун жесири менен кызына көңүл айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салды (22)
48611

Россия лидери Самаркандга келип, Өзбекстандын президентинин мүрзөсүнө гүл койду.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун жесири менен кызына көңүл айтты. 

Маркумдун сөөгү коюлган Шахи-Зинда көрүстөнүндөгү мүрзөгө гүл койгондон кийин Путин Каримовдун Самарканддагы резиденциясы — Форум ордосуна келип, Татьяна Каримова менен кичүү кызы Лола Каримова-Тиллаева менен жолукту. Каримовдун жакындары менен болгон жолугушуу маалымат каражаттарынын катышуусуз өттү.

Эскерте кетсек, Өзбекстанды 30 жылга чукул башкарып келген президент Ислам Каримов 27-августта мээсине кан куюлуп, ооруканага түшкөн. Алты күн бою жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан Каримов 3-сентябрь күнү эртең менен дүйнө салган. Тажыясы кичи мекени Самарканд шаарында өтүп, сөөгү ата-энесинин жанына, Шахи-Зинда көрүстөнүнө коюлган.

Каримовдун өлүмүнөн кийин президенттин милдетин Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарып калган. Ал эми Каримовду акыркы сапарга узатуу комиссиясын премьер-министр Шавкат Миризиеев жетектеген.

Каримовдун тажыясына 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери катышты. Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация барды.

Тема:
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салды (22)

Тема боюнча

Кыргызстандан барган делегация Каримовдун зыйнатында турду
Белгилер:
аза күтүү күнү, көңүл айтуу, Владимир Путин, Ислам Каримов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ