РФ ТИМи: Одессанын Профсоюздар үйүндөгү трагедия Хатындагы апааттан кем калбайт

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Одессадагы Профсоюздар үйүндөгү трагедиянын ырайымсыздыгын Хатынь менен салыштырууга болорун РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова баса белгиледи.
Дипломаттын айтымында, 2014-жылы Одессада адамдарды 1943-жылы беларус айылында ССтин 117-батальонунун жазалоочулары тирүүлөй куйкалагандай эле атайылап өрттөшкөн.
Ал Батышта ондогон адамдардын өлүмүн "кокустук" же эки тараптын кагылышы катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи. Бирок көптөгөн видеолор бул алдын ала пландалган, жазалайбыз деген максаттагы ырайымсыздык болгонун далилдей турганын баса белгиледи. Анда нацисттер өрттөн кутулууга аракет кылгандарды атайылап аягына чейин өлтүрүшкөнүн көрүүгө болорун айтты.
"Украинада радикалдар адамдардын өлтүрүлүшүн "тазалануу күнү" деп белгилеп жаткан маалда Батыш буга эки жүздүүлүк менен көз жуумп, кокустук деп атап, Киевди каржылоону улантууда", — деди Захарова.
Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "антимайдандын" активисттери нааразылык иретинде Одессадагы Куликов талаасына чатыр тигип алышкан. 2014-жылдын 2-майында күндүз "Грек" аянтынын тегерегинде бир тараптан "антимайданчылар", экинчи тараптан Харьков менен Одессадан келген футбол "ультрастары" жана "евромайдандын" радикалдары кагылышкан. Мушташ чатырлар шаарчасынын талкаланышы жана "антимайдандын" өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүнүн өрттөлүшү менен аяктаган. Бул жаңжалдын кесепетинен 48 адам өлүп, 250дөн ашыгы жаракат алган.
Лавров: Россия совет элинин геноцид болгонунун расмий таанылышына умтулат