АКШ менен Ирандын Исламабаддагы сүйлөшүүлөрү дүйшөмбүдө болот деп күтүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. АКШнын атайын өкүлдөрү менен Ирандын ТИМ жетекчисинин түз сүйлөшүүлөрү 27-апрелде Исламабадда өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Axios порталы жазды.
Маалыматка ылайык, Ирандын ТИМ жетекчисинин АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин өтүшү мүмкүн. Тактап айтканда, Аббас Аракчи Пакистан тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң Жаред Кушнер, Стив Уиткофф жана пакистандык ортомчулардын катышуусунда сүйлөшүүлөр болот.
“Аракчи жума күнү Пакистанга барды. Бул өлкө Тегеран менен Вашингтондун ортосунда көпүрө болууда. Ирандын ТИМ башчысы андан кийин кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин талкуулоо үчүн Оман жана Россияга барууну пландоодо” – деп жазылат маалыматта.
Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт буга чейин билдиргендей, АКШ президентинин күйөө баласы Кушнер жана атайын өкүлү Уиткофф 25-апрелде эртең менен Пакистанга учуп чыгып, иран тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.
Иран Ормуз кысыгынан өткөндө алынуучу төлөмдө Россияга жеңилдик берди