БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Германиянын Bündnis Sahra Wagenknecht – Vernunft und Gerechtigkeit (Сара Вагенкнехт биримдиги — Акыл-эстүүлүк жана адилеттүүлүк үчүн) партиясынын тышкы саясат боюнча эксперти Севим Дагделен Германия бийлигин Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы совет элинин геноцид болгонун расмий таанууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Россияда 19-апрелде биринчи жолу Совет элинин геноцидинин курмандыктарын эскерүү күнү белгиленүүдө.
"Федералдык өкмөт бул эскерүү күнүнө карата мындан ары унчукпай кутулбашы керек. Советтер Союзунун элин кырып-жоюуну геноцид деп расмий таанууга убакыт келип жетти", — деген Дагделен өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланган видеодо.
Саясатчы 1941-1945-жылга чейинки мезгилде гитлерчилердин кылмыштарынын кесепетинен 27 миллиондон ашык советтик жаран каза болгонун, алардын басымдуу бөлүгү жай тургундар экенин эске салды.
"Федералдык өкмөт тарабынан бул геноцидди расмий таануунун убакыт-сааты эчак эле келген", — деп Дагделен баса белгиледи.
Эске салсак, бүгүн Совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү. 19-апрель деп бул күн бекеринен тандалган эмес. 1943-жылы дал бүгүн №39 жарлык чыккан. Бул нацисттердин жай тургундарды жана туткундарды кырып-жок кылуу саясатын расмий түрдө тастыктаган эң биринчи документ болгон.
Басып алынган аймактарда 18 миллионго жакын бейкүнөө адам нацисттердин курмандыгы болду. Бул согуш майданындагы жоготуулар эмес, бул — концлагерлерде, Ленинград блокадасында, Хатынь отунда жана өлкө боюнча адамдарды атайылап жок кылган ыкмалардын кесепети. Согуш жылдарында 1710 шаар жана поселок, 70 миңден ашык айыл толугу менен же жарым-жартылай талкаланган. 25 миллион адам үй-жайсыз калган.
Нацисттер совет элин төбө чачты тик тургузган фактылар менен кыйнап, кырган. Жапырт атышкан, өрттөшкөн, кыйнашкан, камактарда, лагерлерде адам чыдагыс шартта кармашкан, ал эми балдарды кулчулукка айдаган. Экинчи дүйнөлүк согуштун жылдарында бир да мамлекет СССР учурагандай жоготууга туш болгон эмес.