Акын жана жазуучу Зинакан Пасаңова Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ТҮРКСОЙдун Жусуп Баласагын атындагы эл аралык сыйлыгынын ээси, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты. "Аял сыры", "Жамгыр тоодон башталат", "Кут түшкөн түндөр", "Урушчаак каздар", "Сыркеч жамгыр" , "Арыба, Жүрөк", "5 жыл" , "Дос", "Томаяк издеген бакыт", "Ак жаан" аталыштагы прозалык жана поэтикалык китептердин автору.
— Сизди акын катары да тааныйбыз, жазуучу деп да билебиз. Эки багыттын кайсынысына көбүрөөк ыктайсыз?
— Ар бир жанрдын өзүнө таандык өзгөчөлүгү, ошого жараша кыйынчылыгы да, сонурката турган ырахаты да болот экен. Мен колума калем кармагандан тартып эле ыр менен прозаны бирдей жазып, эки жакта жолумду таап келе жатам десем аша чаппасам керек. Поэзиянын окурманы көп. Жакшы ырлар бир дем менен жазылып, бир дем менен окулат. Поэзия — бул жүрөктүн үнү. Жүрөгүң козголмоюнча ыр жазуу мүмкүн эмес. Аны ар кандай турмуштук жагдай козгошу мүмкүн. Мен көбүнчө жүрөгүм сыздап ооруп турганда же жалгыздыкта ыр жазгым келет. Мындай учурда ыр өзү эле келет.
Деген менен табиятым прозага жакын. Ички дүйнөмдө өзүнчө көркөм дүйнө жашайт. Аны реалдуу турмуш менен айкалыштырып, дагы бир көркөм дүйнө жаратуунун ырахаты бар. Өзүмдүн тажрыйбамдан улам айтар элем, ыр жаш кезде, эмоция оргуштап турганда жакшы жазылат, ал эми проза турмуштун ак-карасын таанып, соккусун көп жеп, көзүң ачыла баштаганда ынанымдуу чыгат экен. Мен 30 жашыма чейин жазылган аңгемелеримди кийин эч бир жыйнагыма киргизген жокмун.
— Бул дүйнөгө кандайча аралашып калдыңыз эле?
— Бир чети ата-тегимден берилген мурас, экинчиден, бала кезимден китепти көп окушум, үчүнчүдөн, мен төрөлүп-өскөн жердин фантастикалык кооздугу себепкер болгонбу деп ойлойм. Жер киндиги Алай тоолорунун арасында көчмөн турмушта жашаган ата-бабамдын ичинен эң алгачкы болуп кат тааныган, 18 жашында айылда биринчи мектеп ачып, бала окуткан атам Пасан Кочкорбаев менин чыгармачылыгыма да эртелеп үрөн сепкен экен. Жаш кезинен эле жамактап ыр чыгарып, алар айылда ооздон-оозго көчүп айтылып жүрчү. Наристе кезимден айлана-чөйрөмө элестүү карай билген өзгөчөлүгүмдү өз убагында байкаган атам көзү өткөнчө мени колдоп, алынын жетишинче шарт түзүп бергенге аракеттениптир. Биздин үйдө эң баалуу байлык — көркөм чыгармалар эле. Алыскы тоолуу айылда телевизор да эмне экенин билбей-көрбөй чоңойгон менин дүйнө таанымым китеп жана нарк-насилдүү айыл турмушу аркылуу калыптанды. Ал эми өз доорунун алдыңкы инсаны болгон атамды чыгармачылыгымда жана турмушумда башкы мугалимим деп эсептейм. Тилекке каршы, атамдан эрте ажырадым. Алгачкы аңгемелеримди окууга үлгүрүп, төбөсү көккө жеткен кубанычтан көздөрүн жаш чайып, ыраазы болгонун көргөнүмө каниет кылам.
— Чыгармачылык өсүү таланттан көз карандыбы же тажрыйбаданбы?
— Бул суроого генийлер эчак эле жооп берип койгон экен. Француз жазуучусу Эмиль Золянын "талантсыз сүрөтчү эч нерсе эмес, ал эми тер төккөн эмгексиз талант да эч нерсе эмес" деп таамай айтканы бар. Чыгармачылыкта да тубаса талант менен кажынган эмгексиз өсүү болушу мүмкүн эмес. Буга кошумча, "тагдыры жок акын – акын эмес" деп Александр Блок айткандай, акында сөзсүз тагдыр болуш керек. Өзүбүздүн эле классиктердин турмуш жолун карап көрсөк, Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Кубатбек Жусубалиевдер трагедиялуу балалыгы болбосо шедеврлерди жаза алышат беле деп ойлойм. Жүрөктө эч ким менен бөлүшө албаган кайгы, өксүк, жалгыздыкты бир гана чыгармачылыкта бөлүшө аласың.
Мындан тышкары, дүйнөлүк адабияттын мухитине сугарылып, мыкты тажрыйбаларды иликтеп, бирок өз стилин таба албаса, адамзатка айта турган сөзү жок болсо жазмакерликтен майнап чыкпайт.
— Кайсы көйгөйлөрдү чыгармаларыңыз аркылуу чагылдырдыңыз, кайсы темаларга басым жасайын деп турасыз?
— Прозалык чыгармаларымдын өзөгүн аял темасы түзөт. Аңгеме, новеллаларымда аялдын жан дүйнөсү, энелик сезим, адеп-ахлактык ой толгоолор, карама-каршылыктуу турмуш философиясы, адам жашоосунун табият менен жуурулушкан мыйзам ченемдүүлүгү, сүйүү темалары камтылган.
"Жат терезеде өскөн менин гүлдөрүм" повестимде бүтүндөй коомдук система урап, доорлор алмашкан учурдагы кыргыз аялынын тагдырын, турмуштан өз ордун издөөсү, аялдык жана энелик бакыт үчүн күрөшүүсү чагылдырылган. Жапайы рынок мамилелери көптөгөн адамдардын, айрыкча карапайым аялдардын жан дүйнөсүн кыйратып өткөн кыяндай эле болду. Бул доорлордун тогошуусунда ким кандай өзүн сактап калды, ким туруштук бере алган жок? Жашоонун оош-кыйыштарында адамдык касиетти сактап калуу — баарынан оор күрөш. Китептин башкы каарманы болгон жөнөкөй аялдын тагдырын көпчүлүк окурман жүрөгүнө жакын кабыл алганы да ушундан деп ойлойм. Азыркы учурда бардыгыбыз туңгуюктан жол издеп, өз жолубузду табууга муктажбыз.
— Чыгармачылыктагы устатым деп кимдерди атайт элеңиз? Андан сырткары, дүйнөлүк акын-жазуучулардан кимдерди окуйсуз?
— Жазуучулук — бул адистик эмес, ага үйрөтө турган адабият институту Кыргызстанда жок, Москвага барып окууга бардыгынын эле шарты туура келе бербейт. Бирок жаш калемгерге устат керек экен. Мага Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов, Мурза Гапаров, Жолон Мамытов, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов устат болду. Бири менен да көзмө-көз жолугуп, кеп-кеңешин укпасам да, чыгармалары аркылуу калемгерликке такшалтышты деп эсептейм.
Ошондой эле университетте окуй баштаганымда дүйнөлүк адабияттын мухитине жол таптым. Чет элдик классиктерден ЛевТолстой, Иван Бунин, Теодор Драйзер, О Генри, Хемингуэй, Гарсиа Маркес, Ясунари Кавабата, Рюноске Акутагава, Назым Хикмет, Азиз Несин, Низами, Муса Жалил, Франц Кафканы ушул күнгө чейин өтө баалайм. Ошондой эле түрк дүйнөсүнүн акын-жазуучуларынан: Орхан Памук, Элиф Шафак, Олжас Сулейманов, Самед Вургундун чыгармаларын көп окуйм.
— Жазуучу катары жашооңуздагы кайсы учурлар сизди өзгөчө бакытка бөлөдү?
— Ар бир чыгарманы толгоо менен жазасың. Аны жаратуунун азап-тозогу менен бирге эле ырахаты да болот. Ошонун өзү бакытка бөлөйт. Ал эми ошол "чүрпөң" элге жакса, суроо-талапка ээ болсо, жылуу пикир уксаң, бул да бакыт. Андай мүнөттөр көп эле болду. Менин жашоомдогу бардык жакшы нерселер чыгармачылыгыма байланыштуу. Жазуучулук тагдырыма ыраазы болбой коюшка акым жок.
— Ааламдашуу процесси көркөм адабиятка да таасирин тийгизип жатабы?
— Ааламдашуу адам жашоосунун дээрлик бардык чөйрөсүнө, анын ичинде маданиятка, адабиятка көп талаптарды коюп жатат. Азыркы замандын дүйнөлөшүү шарты улуттук адабияттардын ортосундагы чекти жоюп, жаңы көп маданияттуу адабий көрүнүштөр пайда болуу коркунучун туудурууда. Бирок бул "жетишкендик" дүйнөлүк адабиятка деле жакшылык алып келбейт деп эсептейм. Анткени дүйнөлүк маданият улуттук маданияттардын эсебинен гана байый алат. Улуттук тамырынан ажыраган кандай гана адабият болбосун, жоголуп кетиши ыктымал. Ошол эле убакытта ар бир элдин адабияты өзүнүн колоритин, нарк-насилин сактоо менен жалпы адамзаттык баалуулуктарды табигый түрдө сиңирүү аркылуу өсө алышы мүмкүн.
— Азыркы акын-жазуучулардын алдында кандай максат турат деп эсептейсиз?
— Азыркы учурдун адабиятынын жүгү да, жоопкерчилиги да оор. Анткени жаңы доордун жүрүмүн жазышыбыз керек. 90-жылдардагы тарыхый ири бурулуштар адамдардын турмушунда, аң-сезиминде, психологиясында кандай өзгөрүүлөрдү жаратканын, өткөн доордун оош-кыйыштарын, азыркынын драматизмин жана тагдырын жазышыбыз керек. Мунун баарын өз башыбыздан, жүрөк туюмубуздан өткөргөн жана аңдаган калемгерлер катары бул теманы жазууга милдеттүүбүз. Биздин замандын кишилеринин бейнесин түзүүнү чыгармачылык максатым катары карайм.