БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Афганстандын руханий лидеринин маалымат катчысы Забиулла Можахед Пакистан түндө Кандагардагы күйүүчү май сакталган жайга чабуул жасаганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Пакистандын армиясы Кандагар аэропортунун жанындагы Kam Air жеке авиакомпаниясына таандык күйүүчү май сакталуучу резервуарды аткылады. Бул компания башка жарандык авиакомпанияларды, ошондой эле БУУнун учактарын күйүүчү май менен камсыз кылып келген. Мындан тышкары, соккуга ишкер Хажы Ханзадага таандык жай кабылды", — деп айтылган маалыматта.
Афганстандын лидеринин маалымат катчысы билдиргендей, Пакистан мындан сырткары төрт провинцияга: Кабулга, Кандагарга, Пактикага жана Пактияга да чабуул койгон. Можахед бул кадам жоопсуз калбай турганын кошумчалады.
Февралдын соңунда Афганстан пакистандык аскерийлердин бомбалоосуна жооп кылып атайын операциясын баштаган. Исламабад талибдер менен ачык согушту баштаганын жар салган.