ИИМ журналист фейк аккаунт иштетип кармалганын билдирди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигинен Бишкекте журналист кармалып, камакка алынганын маалымдады.
Маалыматка таянсак, мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында, социалдык тармактар тармакта Даниэль Жоошбаев аттуу колдонуучунун бийликти каралап, коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялангандыгы аныкталган.

"Фейк аккаунт аркылуу анын Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталган. Ошондой эле аталган аккаунттагы айрым басылмалардын астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана баш аламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр орун алган", — деп жазылган ИИМдин маалыматында.

Факт боюнча "Массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен иш козголуп, ИИМ менен УКМК Даниэль Жоошбаев фейк аккаунт экенин аныктаган.
Министрлик аккаунтту 50 жаштагы А. А. аттуу журналист аял иштетип жүргөнүн билдирди.
10-мартта анын үйүн тинтишкенде мобилдик телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана башка буюмдар табылган. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Президенттин маалымат катчысы Ташиевди каралап жаткандарга эскертүү берди