БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 11-март, шаршембиде, республика боюнча жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -2...-7, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5, Баткенде -1...+4, Ысык-Көлдө -3...+2 градус болот. Ал эми Нарын өрөөнүндө 0...-5 градуска түшүп, аяз күчүндө турат.
Бишкекте түнкүсүн кар жаап, күндүз ала булут каптап, абанын температурасы -5...-7, Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап +1...+3 градус болушу күтүлөт.