8-мартка карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-март, жекшембиде, күн ачык болот, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Баткенде +12...+17, Талас аймагында +10...+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10, Нарын жергесинде +3..+8 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14...+16, Ош шаарында +15...+17 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Былтыркыдан жылуураак болот. Март айына карата аба ырайы