БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Афганстан менен Пакистан чегиндеги жаңжал тууралуу комментарий берди.
"ЖККУ эки мамлекеттин чегиндеги кырдаалды кылдат көзөмөлдөп жатат. Уюм аймакта тынчтык жана туруктуулук орношуна кызыкдар. Кагылышты жөнгө салуунун жалгыз туура жолу — бул саясий-дипломатиялык жол", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, түндө аталган эки өлкөнүн ортосунда жаңжал от алып, эки тарап бири-бирин аткылаганы тууралуу маалымат тараган.
Эки тараптын тирешинин чоо-жайы
Исламабад менен Кабулдун ортосундагы кырдаал 2025-жылдын октябрь айында Пакистандын аба күчтөрү Афганстандын борборуна сокку ургандан кийин курчуй баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, пакистандык талибдердин үч жетекчиси жок кылынып, ошондой эле Пактия провинциясында көптөгөн соода объектилери талкаланган.
Андан кийин Афганстандын Коргоо министрлиги "өч алуу операциясы" жүргүзүлгөнүн билдирип, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу кагылышуулар башталган. Алар 15-октябрга чейин уланып, тараптар убактылуу ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен. Ошондой эле чек арадагы тынчтыкты камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.
Мындан тышкары, Пакистанда бир катар терактылар болуп, Исламабад алар үчүн пакистандык талибдердин козголоңчул кыймылын айыптаган. Кабул бул топ Афганстандын аймагында жайгашпаганын билдирип, ага каршы күрөштү Пакистандын ички иши деп атаган.