Көчкү түшүп, Бишкек — Нарын жана Бишкек — Ош жолдору жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Республикадагы эки негизги трассага кар көчкү түшүп, жол кыймылына тыюу салынганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ведомство алгач Бишкек — Нарын жолундагы Кара-Үңкүрдүн тушун көчкү басып калганын маалымдап, жолдун бир тарабы жабылганын айтты.
Андан кийин Бишкек — Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын эки жерине көчкү түшкөнү кабарланды. Ушу тапта "Сосновка" жана "Арал" постторунда кыймылга убактылуу чектөө киргизилген.
Эки трассада тең техника иштеп, жол тазаланууда.
Маалымат борбор
Жаздын эрте келиши аймактарга эмнеси менен кооптуу? ӨКМдин жообу