БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу 13-округдагы жокко чыккан шайлоону жаңы ачылган жагдайга ылайык, кайра карап чыгып, өттү деп таанууну чечти.
Жыйында шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Кожокеева аталган округдан талапкер болгон Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жана Талант Мамытов тарабынан жамааттык арыз түшкөнүн билдирди. Алар 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунун жыйынтыгы боюнча 3-декабрдагы №161 токтомду жаңы жагдайлардын негизинде кайра кароону өтүнүшкөн.
БШК ишти кароо үчүн Ички иштер министрлигине расмий суроо-талап жөнөткөн. ИИМдин тергөө кызматынын өкүлү Мавлянов буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында шайлоо тилкелерине коюлган телефондор талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтары тарабынан орнотулганы аныкталганын билдирди. Аларга айып тагылган. Ал эми башка талапкерлерге карата иш козголгон эмес.
Мамытов шайлоого мыйзамдуу катышканын жана мыйзам бузууга барбаганын белгилеп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин айтты. Анын айтымында, жаңы жагдайлар аныкталгандан кийин талапкерлер өз укуктарын коргоону өтүнүшкөн.
Талкуунун жыйынтыгында БШК №161 токтомду жокко чыгарды. №13 округ боюнча мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоо "өткөн" деп табылды. Сыдыков үчүн берилген добуштар жараксыз делинди. Ал эми Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова депутат деп таанылды.
Кайталап шайлоо дайындоо тууралуу токтом да жокко чыгарылды. Чечимди БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, экөө каршы добуш берди.