Абакта жаткан Кумарбек Абдыров жанын кыйган окуя текшерилип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бир нече кыздын өлүмүнө айыпталып жаткан Кумарбек Абдыров тергөө абагында өз өмүрүнө кол салышы боюча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдады.
Эскерте кетсек, 7-февралда болжол менен саат 12:30 чамасында ЖАМКтын №21 мекемесинин абак бөлмөсүнөн Абдыров асынган абалда табылган.
"Мекеменин дарыгерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардамга карабастан, айыпталуучу ошол жерден көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда факт боюнча ЖАМКтын тергөө башкармалыгы тарабынан тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, соттук өндүрүшкө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, Курманбек Абдыров Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап өлтүргөнгө шектелип, 2025-жылдын күз айларында кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Өзү бир нече жаш кыздын өлүмү мойнунда экенин айтып, алардын сөөгүн Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөнүн билдирген.
Андан кийин Абдыровду буга чейинки кылмыштары үчүн жазасын жеңилдетти делген үч судья камакка алынган. 2025-жылы шектүү жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен.
Айсулууну өлтүргөнгө шектүү кишинин жазасын жеңилдеткен соттор камалды. Чоо-жайы