БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, өлтүрүүгө шектелген Кумарбек Абдыров СИЗО-1де асынып алганын бизге ишенимдүү маалымат булактар кабарлады.
Жазаларды аткаруу кызматы азырынча маалымат бере элек.
Айсулуу өлтүрүлгөн кабар 2025-жылдын күз айларында бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышкер кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал бир нече жаш кыздын өлүмү мойнунда экенин айтып, алардын сөөгүн Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөнүн билдирген.
Андан кийин Абдыровду буга чейинки кылмыштары үчүн жазасын жеңилдетти делген үч судья камакка алынган.
2025-жылдын күз айларында шектүү жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен.