"Ыңгайын күтүп жатат". Батыш Киевде төңкөрүш болот деген коңгуроо кагууда

Зеленскийдин украиналыктардын арасындагы рейтинги өзүнүн саясий жана кызматтык үзөңгүлөштөрүнүкүнөн алда канча төмөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Украинанын Улуу Британиядагы элчиси Валерий Залужный Киевдеги бийликти басып алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жатат. Бул туурасында германиялык саясат таануучу Патрик Бааб YouTube-каналда Дэниел Дэвис менен маектешип жатканда айткан.
"Ал (Владимир Зеленский — ред.) мунасага келиши керек, болбосо кызматын жоготот. Лондондогу украин элчиси Залужный Киевдеги бийликти басып алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп отурат", — деген эксперт.
Германиялык саясат таануучунун пикиринде, кандай гана тынчтык макулдашуусу болбосун Киев бийлиги үчүн жакшы эмес, азыр түзүлүп калган кырдаал башка деле нерсеге алып барбайт.
"Украиналыктар Вашингтон менен Брюсселдин оозун карап турат. Алар чечимди өз алдынча кабыл алышпайт", — деп Бааб сөзүн жыйынтыктаган.
Киевдеги Эл аралык социология институтунун иликтөөлөрүнө таянсак, Зеленскийдин букараларынын арасындагы рейтинги өзүнүн кеңсе жетекчиси Кирилл Будановдукунан, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурунку башчысы Залужныйдыкынан төмөн.
Буга чейин Залужный согуш бүтсө Украинада туруксуздуктун кандай тобокелдиктери жараларын айтып, өлкө армиясынын ардагерлери кезектеги төңкөрүштү жасап койчу айбаттуу күч экенин баса белгилеген жайы бар.
"Президенттик кызматка жабышып калбайм". Зеленскийдин билдирүүсү