БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек ЖЭБи газга өтсө жылуулуктун тарифи жогорулап кетет. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, мындай кадам шаардыктардын капчыгына оорчулук келтирет.
"ЖЭБдин жабдуусу эскиргендиктен жылуулуктун жарымы жоготууга учурайт, бирок биз чара көрүп, аракет кылып жатабыз. Мурун борбор 150 миң абонентти тейлесе, азыр 13,4 миң киши алты газ казан орнотулган "Бишкексельмашка" өттү. Жылуулуктун өздүк наркы төмөндөп, бул өз кезегинде тарифтерди карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүдө", — деди Жунушалиев.
Мындан тышкары, калаа башчысы ЖЭБ ышка да себеп экенин моюндап, ошол эле учурда пайыздык көрсөткүч менен алганда транспорт менен жаңы конуштарда жагылган көмүрдөн аба көбүрөөк булганып жатканын белгиледи.