"Эки футбол аянтчасы бакчанын Ахунбаев көчөсү тарабындагы бөлүгүнө курулат. Бакчанын ал бөлүгүнүн жалпы аянты 87 гектар, ал эми биз сегиз сотых жерге эки футбол талаасын салабыз. Бул футбол талаа жалпы аймактын болгону 0,18 пайызын ээлейт", — деген директор.
"Акыркы жылдары бул бакчага келген шаардыктар анын каралбай калганын көрүшкөн чыгар. Жолдору бузулуп, өсүмдүктөр сугарылган эмес, көбү куурап калган. Айрым жерлердеги чытырмандан өтүү да мүмкүн болбой калган. Бул ботаникалык бакча эмес эле, токой болуп кеткен. Анан дагы ушунчалык каралбай калганынан улам эки жыл мурун сегиз чөө атып өлтүрүлгөн. Чөөлөр шаардын ичинде болгон", — деп жазган Абдрахматов.
"Ботаникалык бакчадагы эң курч көйгөйлөрдүн бири — бул сугаруу системасынын жоктугу болчу. Бүгүнкү күндө эки терең скважина казылды, андан тартылган суу өсүмдүктөр үчүн жетиштүү болот. Ошондой эле эл келип суу жээгинде эс алуусу үчүн чоң бассейн салынган. Буга чейин анда дагы бир бассейн болгон, ал тазаланып кайра иштетилет. Бакчанын ичинде 96 миллион сомго ирригациялык тармак курулду, ал аркылуу суу бакчанын бардык бурчуна жетет", — деп түшүндүргөн Абдрахматов.