Кыргызстанга гепатитке каршы 250 миң доза вакцина келди

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстанга гепатитке каршы сайдыра турган 250 миң доза вакцина алып келинди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал каалоочулар үч этап менен эмделе аларын, акысыз экспресс-тесттен да өтсө болорун белгиледи.
Мындай иш-чаралар аталган илдетти алдын ала аныктап, дарылоого багытталган.
Радио
Чокморова: гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда