БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 7-январда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Талас жергесинде +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градуска чейин жылыса, Нарын аймагында -9...-14 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +6...+8, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.