6-январга карата аба ырайы

6-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарда туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Шейшембиде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -6...-11 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +9...+11, Ош калаасында +7...+9 градуска чейин көтөрүлөт.
12 жылдык билим берүү жана арзан ипотека. Президент Жапаровдун маеги