Жумага карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2-январда өлкө аймагында негизинен жаан-чачын болбойт, ал эми айрым жерлерде, тагыраагы, Ысык-Көл ойдуңуна жана тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Бул туурасында Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Аймактардагы аба ырайы:
Чүй облусунда түнкүсүн −3…+2, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн −4…+1, күндүз 0…+5;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3…+2, күндүз +7…+12;
Баткен облусунда түнкүсүн −3…+2, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, −1…−6, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда күн ачык, түнкүсүн −14…−19, күндүз −4…−9;
Ош шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн 0…−2, күндүз +8…+10.
Бишкек шаарында күн ачык, Батыштан соккон шамал секундасына 4–9 метрге жетет, түнкүсүн 0…+2, күндүз +6…+8 градус болот.
Суук күчүндө эле болот. Январдагы аба ырайынын божомолу