БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкекте "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, айтылуу режиссер жана дипломат Төлөмүш Океевдин эстелиги салтанаттуу ачылды.
Монументтин автору — КР эл сүрөтчүсү Садабек Ажиев. Ал эми коло куюу ишин Екатеринбург шаарындагы "Дубровин" үйү аткарган.
Айкелдин бийиктиги 2,5 метр болсо, салмагы 800 килограммдын тегерегинде.
Эстеликтин ачылышына мамлекеттик катчы, маданият министри, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана режиссёрдун замандаштары катышты.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп берди. Анда өлкө башчы эстеликтин ачылышы жөн гана эскерүү эмес, тарыхка кайрылуу, улуу руханий мураска жасалган урмат экенине токтолгон. Президенттин айтымында, эмгек менен эрдик дайым өз баасын алат.
"Төлөмүш Океев — улуттук кинону дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн кыргыздын чыгаан уулдарынын бири. Көркөм тасмалары аркылуу ал кыргыз элинин тагдырын, ички дүйнөсүн, азап-кайгысын, үмүт менен ишенимин, ар-намысын ачып берген. Чыныгы жашоону сүрөттөп берген тасмалары жөнөкөйлүгү менен көрөрманга жакын. Бул эстелик жаш муунга Ата Мекенге жана мамлекетке кылган ак кызмат эртеби-кечпи, акыры татыктуу баасын аларын эскертип туруучу сабак болот", — деди Койчиев.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Океевдин тасмалары бүгүн да көрөрманды ойго салып, жан дүйнөсүн азыктандырып, байытып, жаш муунду патриоттуулук менен гумандуулукка тарбиялай турганын белгиледи.
"Океев — тагдыр-турмуш философиясын, элдин жан дүйнөсүн, улуттук мүнөздү көркөм образ аркылуу ачып берип, кыргыз киноискусствосун дүйнөлүк маданият айдыңына алып чыккан улуу чебер", — деди Мамбеталиев.
Режиссердун кызы Азиза Окееванын айтымында, эстелик орнотуу идеясы көп жыл мурун талкууланып, эми гана ишке ашып отурат.
"Бул айкел 23 жыл мурун тургузулушу керек эле, бирок ар кандай себептер менен жыла берди. Натыйжада демөөрчү таап, ишти аягына чыгардык", — деди ал.
Калык Акиев көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишкен жерине орнотулган эстелик А.Акматова атындагы коомдук фонд тарабынан каржыланып тургузулганы айтылды.
Төлөмүш Океев (1935–2001) — кыргыз жана совет маданиятынын тарыхында төбөсү көрүнгөн адамдардын бири. Анын дебюттук "Бакайдын жайыты" тасмасы дүйнөнүн эң мыкты 100 картинасынын тизмесине кирип, бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Режиссерго 1985-жылы СССР эл артисти наамы ыйгарылган.