Түнкүсүн тынчтыкты бузгандарды жергиликтүү бийлик жазалашы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Милиция менен жергиликтүү бийликке түнкүсүн тынчтыкты бузгандарга чара көрүү укугун берүү сунушу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорун министрлер кабинети сунуштап, анда учурда ыйгарым укуктуу орган болгон Санэпидкөзөмөл департаментинде кадр жетишсиз экени жана кызматкерлер түнкүсүн иштебей турганы белгиленген.
Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарына жана ИИМ кызматкерлерине укук бузуу боюнча протокол түзүү укугун берүү сунушталууда.
Президент түнкү тыныгуунун мөөнөтүн аныктаган мыйзамга кол койду. Түшүндүрмө