Кодулоого каршы туруу: ВИЧ темасын чагылдырган мыкты журналисттер сыйланды

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн "Доор" коомдук фонду "Өзүбүзгө жана ар бир адамга кам көрүү менен ВИЧти бирге жеңебиз" аттуу медиалык иштеринин республикалык конкурсун жыйынтыктады.
Маалымака ылайык, сынак калктын ВИЧ-инфекцияны алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле стигма жана дискриминация маселелерине массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн буруу максатында өттү.
Иш-чара жыл сайын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун колдоосу менен ПРООНдун "Кыргыз Республикасында ВИЧ жана кургак учукка эффективдүү көзөмөл" долбоорунун алкагында өткөрүлүп келет. "СПИДге каршы күрөшүү республикалык борбору" (РЦКГВГиВИЧ), "Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар республикалык борбору" жана "Позитивдүү жаштар" коомдук фонду өнөктөш катары катышат.
1 / 2

Бүгүн "Доор" коомдук фонду "Өзүбүзгө жана ар бир адамга кам көрүү менен ВИЧти бирге жеңебиз" аттуу медиалык иштеринин республикалык конкурсун жыйынтыктады

2 / 2

Маалымака ылайык, сынак калктын ВИЧ-инфекцияны алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле стигма жана дискриминация маселелерине массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн буруу максатында өттү

Белгилей кетсек, конкурска 2025-жылдын 1-январынан 14-декабрына чейин жарыяланган материалдар кабыл алынып, жалпысынан 29 иш сунушталган.
Комиссиянын жыйынтыгы менен төмөнкүлөр жеңүүүчү деп табылды:
"Басма жана онлайн ЖМКларда, ошондой эле башка санарип медиа аянтчаларындагы мыкты материал" номинациясы — Нина Ничипорова ("Вечерний Бишкек" басма үйү);
"Мыкты радиоматериал" номинациясы менен — Нурайым Рысмамбетова (Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу);
"Мыкты телекөрсөтүү материалы" номинациясы — Калыгул Асамбаев ("Ала-Тоо 24", УТРК) сыйланды.
Мындан тышкары, Асылзат Кожоназаровага ("Чекит Медиа"), Гүлбүбү Усеновага (УТРК, "Радиоклиника" программасы), Туратбек кызы Гулира (УТРК Нарын) кызыктыруучу сыйлык берилди.
Москвада Андрей Стенин атындагы XII эл аралык фотосынак башталды