БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Манас" аэропортунда каттамдар жанданганын аба майданынын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө (учактар үчүн эң аз дегенде 800 метр зарыл).
Эскерте кетсек, акыркы күндөрү "Манас" аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан. Аэропорттун маалымат кызматы буга чейин мындай коюу туман болбогонун айтты.
"Кыргызстан аэропорттору" ААКнын инфраструктуралык жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов жакынкы айда жарык-сигналдык жабдуулардын категориясын биринчиден үчүнчүгө чейин жогорулатуу менен туман маселеси чечилерин белгилеген болчу.