Келерки жылы өлкө ичиндеги авиабилеттер арзандайт

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 2026-жылдын 4-январынан тарта өлкө ичиндеги аймактарга болгон аба каттамдарынын баасы базар баасынан төмөн болот. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров бергенин анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
Анын айтымында, ортодогу айырманы Турукташтыруу фонду жаап турат.
“Буга чейин ички каттамдар боюнча билеттердин баасы рыноктук принцип боюнча түзүлүп, жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленип келген. Эми мурдагыдай болуп кайсыл бир аймакка уча турган каттамдын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетпейт”, — деген маалымат катчы.
Алагөзов Турукташтыруу фонду "Асман Эйрлайнс" компаниясын дотациялап, андан улам социалдык багыттагы тарифтер менен ички аба каттамдардын тармагы кеңейерин кошумчалады.
Мындан тышкары, Нарын, Талас, Казарманга каттамдар 4-январдан тарта жумасына эки жолу аткарылары айтылды.
Сүттөй болгон туман "Манас" аэропортунун ишин токтотууда