1999-2000-жылдары "Өзбекстан ислам кыймылынын" (ӨИК) согушкерлери Кыргызстанга кол салып, кагылышуу өлкө тарыхында "Баткен коогасы" деп жазылып калды. Андагы окуяларды элге жеткирип тургандардын бири аскердик журналист Александр Ким болгон. Бул иши үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган. Ал эми 2004-жылы Баткен коогалаңы чагылдырылган "Испытание войной" (Кан майдандагы сыноо) аталышындагы китеби жарык көрдү.
Александр Ким аскердик журналист. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы. Октябрь, 2025
© Sputnik / Акбар Акжигитов
— Баткен окуялары чынында Кыргызстан үчүн чоң сыноо болбодубу. Куралдуу күчтөр тууралуу да көп сөздөр айтылды. Китеп жазууңузга ушул кептер да түрткү болду өңдөнөт?
— 2000-жылы Баткен аймагынан ӨИКтин баш кесерлерин сүрүп чыгаргандан кийин коомчулукта Куралдуу күчтөрдү сындагандар көп болду. Көбү чындыктан алыс эле, элдин басымдуу бөлүгү аскерлердин эрдигин билген жок. Мисалы, 2000-жылы аскердик чалгынчылар согушкерлердин рация аркылуу бири-бирине жөнөткөн маалыматтарын (радиоперехват) жазып алган. Биринчисинде "курал-жарак катылган жерге жеттик. Бирок дат басып кетиптир" деген маалымат жөнөтүшкөн. Экинчисинде "кийинки курал-жарак сакталган аймакка жетпей жатабыз. Бизге кыргызстандык жоокерлер бөгөт болду. Алар жанын аябай шайтан сыяктуу көгөрүп салгылашып жатышат" дегенин аскердик чалгынчылар эфирден жаздырып алууга үлгүргөн. Ошо кездеги коргоо министри армиянын генералы Эсен Топоев Баткен коогалыңы тууралуу китеп жазыш керек деп демилге көтөрдү. 2000-жылы августтан баштап октябрга чейин Баткенде баш кесерлердин мизин кайтарып, Ата Мекенди коргогон офицерлер, прапорщиктер жана жоокерлердин эрдигин тарыхта калтыруу максатында китеп жазууга белсендим. Фактыларды, белгисиз окуяларды жана согуш талаасынан жазылган репортаждарды чогулттум.
— 2000-жылы 10-августта Төрө ашуусунда кыргызстандык аскерлер согушкерлердин буктурмасына кабылып, оор жоготууларга учураган. Бир нече жоокер туткунга да түшкөн. Арасынан жалгыз аман калган Касымбек Жалалов менен баарлашкан экенсиз.
— Буктурмада Кой-Таш бригадасынын аскерлери жана "Скорпион" спецназынын жоокерлери калган. Төрт офицер жана 11 аскер курман болгон. Баткенден алардын сөөгүн Кантка аскердик учак менен жеткиришкен. Кой-Таш бригадасына сегиз офицер менен бир жоокердин сөөгү келген. Зыйнат менен жерге берилишти. Касымбек Жалалов оор жарадар болуп аман калган экен, таң калдык. Бишкектеги аскердик госпиталдан жолуктум. Көрсө, 10-августта командачылык кенже сержант Владимир Никитушкинди, сержант Рустам Аржиманов менен Жалаловду Төрө ашуусуна чалгынга жиберген экен. Бул ашуудан кыргыз-тажик чек арасынын тилкеси өтөт. Буктурмага кабылып үчөө туткунга түшөт. "Баш кесерлер бизди Мазар деген жерге чейин айдап келишти. Андан кийин сабап, колубузду байлап, эски мазарга камашты. Батальон тууралуу суроосуна эч ким жооп берген жок. Өзгөчө Аржиманов баш ийбей, каршылык көрсөттү. Аны согушкер аска жакка сүйрөп кетти. Аржимановду өлтүрүлгөнүн Никитушкин сойлоп барып көрүп калып, "Рустамды өлтүрдү" деп кыйкырды. Бир күндөн кийин баш кесерлер дагы төрт полктошубузду туткунга түшүрдү. Бизди Тажикстанга өткөрүп жиберет же туткундалган согушкерлерге алмашат деп ойлогонбуз. Рациядан туткундардын көзүн тазалагыла деген буйрук берилгенин кокусунан угуп калдык. Баары бир өлтүрөрүн түшүндүк да баарыбыз туш-тушка качтык. Террорчулар аткылай баштады, белиме ок тийди. Мени өлдү деп басып кетишти. Алар кеткенден кийин ок тийген жерге тумагымды басып, канды токтоттум да, эсимди жоготтум" деп айтып берген.
Бул окуядан кийин майор Жылдызбек Субанбеков баштаган топ Төрө ашуусуна келет. Булар да буктурмага кабылып, Субанбеков болуп дагы бир нече жоокер каза табат. Коргоо министрлигинин Түштүк тайпасынын командачылыгы аскердик операция жүргүзүп, согушкерлерди курчоого алат да сүрүп отуруп, капчыгайга камайт. Атайын багыттагы батальондор, спецназдын аскерлери жана чек арачылар биргелешип баш кесерлерди чыгарбаш үчүн капчыгайдын оозун жабат. Террорчуларга абадан да сокку урулат. Натыйжада көбү жок болот. Жоокерлер Төрө ашуусундагы мазарга жетип, каза болгон куралдаштарынын сөөгүн жыйнашат. Бирок сержант Рустам Аржиманов менен аскер Кенжебек Бектургановдун сөөгү табылбайт. Каза болгон жоокерлердин сөөгүн тик учакка салып жатканда Жалалов жөөлүп баштаган экен. Командачылык аны дароо Баткенге тик учак менен жеткизип, андан ары Бишкектеги аскердик госпиталга жөнөтүшөт. Жалаловдун өмүрү үчүн дарыгерлер күнү-түнү күрөшүп, акыры аман алып калышты. Армияда андан ары кызматыңды улантасыңбы деп сурасам, "жок, кесибим мугалим, мектепке барып сабак берем" деп жооп берди.
— Аржиманов менен Бектургановдун сөөгү табылдыбы?
— Төрт күндөн кийин Кенжебек Бектургановдун сөөгү асканын жанынан табылган. Сокулуктун кулуну эле. Анын сөөгү менен чогуу Бишкекке аскердик жүк ташуучу учакта келген Жалалов ооруканадан эсине келгенде аскер прокурорунун жардамчысы подполковник Бактыбек Асамудиновго Аржимановдун сөөгү кайсы жерде экенин айтып берген. Асамудинов жетектеген топ Төрө ашуусуна барып таба албай коюшат. Жарым жыл өтүп Жалалов басып жүрүүгө жарап калганда Куралдуу күчтөрдүн жетекчиси генерал Эсен Топоевдин буйругу менен Рустам Аржимановдун сөөгүн издөө боюнча 16 адамдан турган топ түзүлөт. Анда чек арачылар, көзгө атарлар, сапёрлор жана чалгынчылар бар эле. Согушкерлер кол салышы мүмкүн деген кооптонуу бар болчу. Топту кайра эле подполковник Асамудинов жетектеген. Издөөчүлөргө Рустамдын бир тууганы, ага лейтенант Артур кошулган. Мойнунда атасы Асландын "агаңдын сөөгүн таап кел" деген аманаты бар эле.
Издөө тобу кыштын күнү он саатка жакын убакытта 30 чакырым басып, Төрө ашуусуна жөө чыккан. Жолдон кыйналган Касымбекти ашууга бир аз калганда көтөрүп чыгышкан. Мазарга келгенде Жалалов Рустамдын кайсы асканын жанында өлтүрүлгөнүн көрсөтөт. Ал жерди караңгы киргенге чейин казып издешет. Тилекке каршы, сөөк табылбайт. Топ ишин токтотууну чечип, Рустам өлтүрүлгөн жер картага түшүрүлөт. Кийинки жылы жазда издөө ишин жандантуу чечими кабыл алынып, андан да майнап чыкпайт. Иниси Артур көзүнүн жашын токтото албай, аскердик тартип боюнча агасы Рустам менен коштошуп тапанчасынан асманга үч ирет ок атат. Ошол учурда атасы Асландын жүрөгү чыдабай үзүлөт. Ата менен уулунун тагдыры ушундай аянычтуу болду. Рустамдын сөөгү ошол боюнча табылган жок. Акыры Аржиманов кан майданда каза болду деп таанылды. Өлкө башчысы Аскар Акаевдин жарлыгы менен III даражадагы Манас ордени ыйгарылып, энесине тапшырылды. Ал эми Касымбек Жалалов Жалал-Абадда мектепте мугалим болуп иштей баштады.
— Китебиңизде Баткен коогалыңында аскерлер эшек күчүн колдонгонун жазыптырсыз. Ушул тууралуу учкай айтып берсеңиз?
— Жүк ташуу үчүн Айдаркен отряды пайдаланган. Коргоо министрлигинин мобилизацияны уюштуруу башкармалыгынын жетекчисиси полковник Борис Югай мындай муктаждык эмнеден келип чыкканын түшүндүргөн. 1999-жылы Жылуу-Суудагы бир нече блокпостторго тамак-аш, ок-дары жана курал-жарак алгач тик учак менен жеткирилчү экен, барган сайын бул чөнтөккө оорчулук келтире баштайт. Командачылык жергиликтүү тургундардын колдогу эшегин пайдаланууну чечип, аларга иштеген ордун жана айлыгын сактоо менен үстүнө ошончо суммадагы акча кошуп берип армияга кошулууну сунушташат. Ал эми эшектеринин күчүн пайдаланганы үчүн Коргоо министрлиги ар бирине 300 сомдон кошумча төлөмөй болот. Тургундардын көбү шахтада иштеп, 1500 сом айлык алышчу, аскердик адис катары дагы ошончо кошулду.
Көрсө, жылкы тоо шартында машакаттуу келет экен, анын үстүнө жем-чөбү да маселе жаратса керек. Эшек болсо жылкынын эле жүгүн көтөрөт, ээси жетелеп басса тоодон кыйналбай кете берет экен. Аска-зоодон кулаган да учурлары болду, согушкерлердин койгон минасына да жарылышты... Айтор, жоокерлерге чоң күч болуп берди.