БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 7-декабрь, жекшембиде күндүз айрым жерлерге жамгыр жаап, тоонун этектерине жана тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Мындай маалыматты "Кыргыз гидрометерология" кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +7...+12, Талас аймагында +6...+11, Ош менен Жалал-Абадда +8...+13, Ысык-Көл кылаасында +2...+7, Нарын өрөөнүндө 0...+5 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +10...+12 градуска жетип, ала булут каптап турат. Түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Ош шаарында +8...+10 градус жылыйт.