БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматынан алынды. Ал эми анын милдетин аткаруу үчүн УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп келген Каныбек Досмамбетов дайындалды.
Президенттин маалымат катчысы Дайыр Орунбеков ден соолукту караган тармакка эмнеге атайын кызматтын адиси келгенин түшүндүргөн.
Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаждыгын айтып, ушул себептен улам өзүн реформатор, мыкты менеджер катары көрсөтө алган Каныбек Досмамбетов министр болуп тандалды деген негиздемесин жазды. Ал эми орун басарлары тармакты мыкты түшүнгөн, медицина системасында көп жылдан бери иштеген адистер боло тургандыгын белгиледи.
Досмамбетов жетекчи катары саламаттыкты сактоо тармагында узак убакыттан бери түзүлүп калган коррупциялык схемаларды жоюп, тартип орнотууга негизги басым жасаарын билдирди.
"Баарыбызга белгилүү болгондой, саламаттыкты сактоо тармагында клан-клан болуп бөлүнүү, ички интригалар өтө күчтүү. Мындай системаны анын ичинен чыккан адам өзгөртө албай турганын убакыт көрсөттү. Анткени ал кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргоого аргасыз болот же кескин реформаларга бара албайт", — деген Орунбеков.
Ошондуктан бул тармакка коррупцияга жол бербеген, эч бир топко көз каранды эмес, тартип орнотууга эрки жеткен министр келди деп айтууга негиз бардыгын белгилеген.