Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Өлкөдө биринчи жолу аралыктан добуш берүүгө ылайыкталган 27 участок ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу эл көп топтолгон жерде жана адамдардын убактылуу жүргөн аймагынан добуш берүүгө ылайыкталган 27 участок ачылды. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Мында кеп ири базарлар, соода борборлору, медициналык мекемелер, жетүүгө кыйын болгон объектилер, алардын ичинде Кумтөр, Кара-Кече, Жер-Үй, Бозумчак жана башка жерлер тууралуу болууда.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун айтымында, мындай ыкма жолдо, жумушта, дарыланууда же кызматта жүргөн шайлоочуларга добуш берүүгө жакшы шарт түзөт.
Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылган.
Бүгүн Кыргызстан эли Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлап жатат. Саат 8:00дө шайлоо участкалары ачылып, эл добуш бере баштады. Депутаттык үчүн бул жолу 460 талапкер ат салышууда.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Быйыл ЖК депутаттыгына талапкерлерди шайлоо мурдагыдан башкача өтөт. Шарттары