Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Европа Украинада тынчтык орнотуу аракетин үзгүлтүккө учуратмакчы

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Европалык ЖМКлар жана саясатчылар Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратуу аракетинде. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул нерсе упай топтоо же өз позициясын элдин эсебинен бекемдөө үчүн жасалып жаткан жок. Мында, биринчиден, саясий-дипломатиялык жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратып, манипуляция жасап, кырдаалды өз максаты үчүн пайдаланууну көздөшүүдө", — деди Захарова.
Дипломаттын айтымында, азыр Вашингтондун демилгесинин айланасында маалыматтык ызы-чуу башталды. Бул — Батыштын ойдогусу ишке ашпай калганда жасай турган көндүм адаты.
Захарова "тынчтык планы", "сүйлөшүү", "байланыштар" деген сөздөрдү укканда эле европалыктардын маанайы бузуларын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина АКШнын 28 пунктудан турган жөнгө салуу планын четке какты