Бишкек менен Чүйдүн көчөлөрү үч күн бою маал-маалы менен жабылат. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ЖККУ саммитинен улам 25-26-27-ноябрь күндөрү Бишкек шаары менен Чүйдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.
ИИМ төмөнкү көчөлөр жабыларын билдирди:
"Манас" аэропортунан Бишкектин чегине чейин;
Фучик көчөсү — Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектине чейин;
Чүй проспекти — Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
Манас жана Айтматов көчөлөрүнүн "Ала-Арча" резиденциясына чейинки бөлүгү;
Абдрахманов, Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
Эскерте кетсек, бул күндөрү ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштейт.
ЖККУнун жыйынынан улам Бишкектин мектептери алты күн онлайн окуйт