БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 25-ноябрь, шейшембиде, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарын жергесинде +4...+9 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +16...+18, Ош шаарында +17...+19 градуска көтөрүлөт.