Ноокат, Манас райондорунун акими алмашып, бирине Данияр Шейшеканов дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Данияр Шейшеканов Оштун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президенттин дубандагы өкүлү бүгүн аны жамаатка тааныштырган. Буга чейин президенттик администрацияда иштечү.
Ал Эмил Чакибаевдин ордуна келди. Мурдагы аким Көк-Жар айылындагы жер сатуу чыры боюнча кармалган. Быйыл жай айларында Бишкек мэриясы 172-контурдагы жер айыл чарба багытында болгондуктан курулуштар мыйзамсыз салынганын билдирген. Түрттүрүү башталганда айылдын жашоочулары жол тосуп чыгышкан. Чакибаев мурда ушул өкмөттү башкаргандыктан кармалган.
Ошондой эле өлкө башчы кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Бакытбек Сүйүнбаев Таластын Манас районунун акими болуп дайындалды.
Садыр Жапаров Казакстандагы Кыргызстандын элчисин алмаштырды