Нацисттер жасаган кылмыштын эскирүү мөөнөтү жок. Путин Нюрнберг трибуналы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Нацисттер жасаган кылмыштын эскирүү мөөнөтү жок. Ага баа берген Нюрнберг трибуналынын нормалары азыр да тарыхтын бурмаланышына каршы турууга жардам берип келет. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Эскирүү мөөнөтү жок. Нюрнберг. 80 жыл" аталышындагы эл аралык илимий-техникалык форумдун катышуучуларына жасаган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Сиздердеги адамгерчиликтин, жигердүүлүктүн, кайраттын, кайдыгер карабаган мамиленин аркасы менен издөө экспедициялары жасалып, архивдик материалдарды ачыкка чыгаруу жаатында аябагандай көп иш аткарылууда. Табылган документтер, сүрөттөр, кинохрониканын кадрлары нацисттердин жана алардын жолун жолдогондордун советтик аймактагы тынч элге жасаган акылга сыйгыс кылмышын ачыктап жатат", — деп айтылат кайрылууда.
Путин мындай кылмыштардын эскирүү мөөнөтү болбой турганын, аларга 80 жыл мурун Нюрнберг трибуналы татыктуу баасын бергенин белгиледи.
"Соттун нормалары менен принциптери азыр да маанилүү. Алар бизге тарыхый фактыларды бурмалоо аракетине каршы турууга, бүгүнкү күндүн кооптуулуктарына туура жооп табууга жардам берип келет", — деди президент.
Путин форум конструктивдүү маанайда өтүп, Нюрнберг трибуналынын идеялык, тарыхый мурасын иликтөөгө олуттуу салым кошоруна ишеним артты.
Нюрнберг трибуналы: биринчи өкүм 12 кишиге чыккан. Тарыхый видео