Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМКлар АКШ Россия менен Украина боюнча купуя сүйлөшүп жатканын жазышты

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШ Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча Россия менен купуя сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу америкалык да, россиялык да маалымат булактарына таянуу менен Axios жазууда.
"Дональд Трамптын администрациясы Россия менен Украинадагы согушту токтотуу боюнча жаңы планды иштеп чыгууда. Маалыматты АКШ менен Россиянын расмий адамдары тастыкташты. АКШнын 28 пунктудан турган планы Газа боюнча макулдашуудан башат алат. Россиянын жогорку кызматтагы адамы планга көз карашы оң экенин билдирди", — деп айтылат макалада.
Аталган планга Киев менен анын европалык союздаштарынын мамилеси кандай экени белгисиз.
"Колдогу маалыматтарга караганда, 28 пунктулук план төрт негизги категорияга бөлүнгөн. Биринчиси — Украинадагы тынчтык, экинчиси — коопсуздук кепилдиктери, үчүнчүсү — Европадагы коопсуздук, акыркысы — АКШнын Россия жана Украина менен келечектеги мамилеси. Азырынча Украинанын чыгышын көзөмөлдөө маселеси кандай чечилери анык эмес", — дешкен авторлор.
Планга АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жооптуу экени белгиленди. Порталдын маалыматы боюнча, дал ушул Уиткофф РФ президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу жаатындагы атайын өкүлү Кирилл Дмитриев менен пландын аки-чүкүсүн талкуулоодо.
Дмитриев башында турган россиялык делегация 24-октябрда АКШга барып келген. Ал Axios порталына америкалык аткаминерлер менен туткундарды алмашуу сыяктуу гуманитардык маселелерди талкуулаганын айтып берген болчу.
Украина Радасында Зеленскийге шарт коюлду