КЭР — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жүктү Европага 3-7 күнгө эрте жеткирет

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Кытайдан чыккан жүктү Европага 3-7 күнгө эрте жеткирет. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Москвада өтүп жаткан ШКУну өнүктүрүү форумунда билдирди.
Ал товарлар Кыргызстан аркылуу эки тарапка тең ташыларын белгилеген. Сейитовдун айтымында, магистраль республика эле эмес, коңшу мамлекеттер үчүн да маанилүү. Министрдин орун басары темир жол 2030-жылы курулуп каларын кошумчалады.
Президенттик администрация буга чейин курулушту Кыргызстандын келечеги үчүн олуттуу долбоор деп атаган. Жол бүткөндөн кийин мамлекет жыл сайын Кумтөрдөн түшкөн киреше сымал эле 500 млн доллардан ашык пайда көрө алат. Темир жол "түбөлүк жана туруктуу киреше" берери айтылган.
Радио
Мамытов: ЕАЭБ өлкөлөрү менен завод куруп, темир жол аркылуу товар экспорттоого болот