Евробиримдик Россия менен алакасын сактоо үчүн активин конфискациялоону каалабайт

Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Евробиримдик Москва менен мамилесин сактап туруу үчүн россиялык активдерди конфискациялоону каалабайт. Бул тууралуу The Conversation порталы жазды.
Макалада активдер маселесинин саясий өңүтү да бар экени айтылат.
"Тоңдурулган каражаттын финансылык эле эмес, геосаясий да өңүтү бар. Акчаны азыр бөлүп берип коюу — Украинанын жеңишине ишенүү. Бербей туруу Россия жеңишке жетип калса же согуш туңгуюкка кептелсе ийкемдүүлүктү сактап калууну түшүндүрөт", — деп жазылат порталда.
Автордун айтымында, активдерди конфискациялоо тобокелдигин айтпаганда да ушу тапта европалыктардын көбү үчүн Украинаны колдоонун өзү майнапсыз болууда. Киевдин таламын талашуу азыркы учурда Евробиримдик үчүн "стратегиялык ашыкча жүккө" айланып бара жатат.
"ЕБ Украинаны таштап салган жок, болгону өзү туш болчу тобокелдиктерди көздөн өткөрүүдө. Буга Европа лидерлеринин ачык айтпаса да Украинанын жеңеринен күмөн саноосу себеп", — деп айтылат макалада.
Европалык комиссия Россиянын тоңдурулган активдеринин эсебинен 140 миллиард евролук "репарациялык насыя" берүүгө ЕБ өлкөлөрүн макул кылдыруу менен алек. Бул каражатты Украина "Москва материалдык зыяндын ордун толтуруп бергенден кийин" кайтарып бермекчи. Сунушка Россия акчасынын басымдуу бөлүгү сакталып турган Бельгия каршы чыгууда.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова 12-ноябрь күнү Брюссель Украинага берилчү репарациялык насыя боюнча таңууланган сунушунун кылмыштуу экенин, Москва тийиштүү жооп кайтарарын жакшы түшүнөрүн айтты.
Эскерте кетсек, атайын аскердик операция башталган соң G7 жана ЕБ өлкөлөрү Россиянын валюта резервинин дээрлик жарымын, башкача айтканда, 300 миллиард евросун тоңдуруп салган. Анын 200 миллиарддайы Евробиримдик аймагында, Бельгиянын дүйнөдөгү эң ири Euroclear эсептик-клиринг системасында кармалып турат.
Россия мындай кадамдарды уурулук деп сыпаттап, андан жеке жактар эле эмес, мамлекеттик активдер да жабыр тартканын айтып-деп келет.
ЖМК: Европа каржылык колдоосу менен Украинанын эгемендигин жок кылууда