Трамп 43 күнгө созулган шатдаунду токтотуп, өлкөнүн чыгымын эсептеди

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Конгресс тарабынан колдоого алынган өкмөттүн 30-январга чейинки убактылуу бюджетине кол коюп, өлкө тарыхындагы эң узун шатдаунга (43 күн) чекит койду.
РИА Новости өлкө башчы документке Ак үйдөгү расмий иш-чарада кол койгонун жазды. Трамптын айтымында, шатдаундан улам мамлекет 1,5 триллион долларлык чыгым тарткан. Бир миллиондон ашуун киши айлык албай, 20 миңдей авиакаттам үзгүлтүккө учурады.
Маалыматта бюджеттин жоктугунан эмгек акы төлөнбөгөн өргүүгө кеткен мамлекеттик кызматкерлер бейшемби күнү жумушка чыгышы керектиги айтылат.
Январдын соңуна чейинки убактылуу бюджетти алгач Сенат, андан кийин Конгресс жактырган. Анткен менен Конгресс жыл аягына чейинки бюджетти бекитүү боюнча макулдашууга келбесе, шатдаун маселеси кайра жанданышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, АКШ өкмөтү 1-октябрдан тарта ишин токтотуп, жүз миңдеген кызматкер айлык акы каралбаган өргүүгө жөнөтүлгөн.
Бул АКШнын тарыхындагы узакка созулган биринчи шатдаун эмес. 2019-жылы өкмөттүн иши 35 күнгө токтоп калган. Анда да өлкө башында Трамп турган.
Шатдаундун айынан АКШнын базаларын Европа өзү каржылап жатат