Кыргызстан алгачкы улуттук USDKG стейблкоинин ишке киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда сом менен камсыздалган алгачкы улуттук USDKG стейблкоини ишке кирди.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, санарип активди мамлекеттик каттоо ушул жылдын 27-октябрынан 31-октябрына чейин жүргүзүлгөн.
Активди жүгүртүүгө "Виртуалдык активдердин эмитенти" ААКы чыгарган, анын милдеттенмелерин аткарууга да жооптуу болот. Компаниянын негиздөөчүсү — Финансы министрлиги.
Бул улуттук валютанын негизинде чыгарылган алгачкы санарип актив болуп саналат. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул — сомдун наркына байланган санарип акча. Санарип мейкиндикте колдонулат, бирок анын наркы сомго тең. Ар бир 1 USDKG стейблкоиндин артында реалдуу сом бар. Ошондуктан анын баасы сомдун курсуна теңделип, башка санарип активдердей болуп курсу өйдө-төмөн ойнобойт.
Жапаров: Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн хаб боло алат