БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мышыктарды жана иттерди алып кирүү үчүн эрежелерди сактоо зарыл. Бул тууралуу ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин бөлүм башчысы Валерий Ситников билдирди.
Анын айтымында, эгерде экиден ашык мышык же ит алып келинсе жана алар ЕАЭБден тышкары жерден сатып алынса, анда коммерциялык деп эсептелет. Мындай учурда жаныбарларды алып кирүү үчүн карантиндик чараларды көрүү талап кылынат. Эгерде үй жаныбарларынын саны экиден ашпаса жана алар жеке өзү үчүн болсо, анда алып кирүүгө уруксат жана карантиндик чаралар талап кылынбайт.
Бардык жаныбарлар идентификацияланышы керек (адатта чип коюлат). Мындан тышкары, кутурмага каршы эмдөөсү бар экендигин тастыктаган ветеринардык сертификат же паспорт талап кылынат.
"Ветеринардык сертификатта же паспортто эмдөөлөр жөнүндө белгилерден тышкары, жаныбарлардын клиникалык жактан дени сак экендиги жөнүндө экспорттоочу өлкөнүн ветеринардык дарыгеринин белгиси болушу керек. Белги сапарга чыгар алдында 14 күндөн кечиктирилбестен коюлушу керек", — деди Ситников.