БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев өз сөзүндө соңку жылдарда милиция, сот, прокуратуранын бирдиктүү ишинин натыйжасында коом криминал, уюшкан кылмыштуу топ жана коррупциядан тазаланганын белгиледи. Ошондой эле жазага тартылгандардын саны бир кыйла азайганына токтолду. Алсак, 2003-жылы 16 444 адам жазага тартылса, 2024-жылы 7 051 адам жазага тартылган.
“Кыргыз милициясы коомдун толкундоолорунда, криминал расмий бийлик менен тизгин талашкан учурларда баарын тартипке келтире турган күч, элдин үмүтү жана тиреги болду! Ардактуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздердин ары татаал, ары сыймыктуу кызматыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмушту каалайм”, — деди Касымалиев.
Министрлер кабинетинин жетекчиси заманга жараша пайда болгон кылмыштын жаңы түрлөрү менен күрөшүүгө кыргыз милициясынын билими, интеллектуалдык деңгээли, күчү жетерине ишеним артты.