БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Украина Тышкы иштер министрлигинин ЖМКлардын россиялык коопсуздук коридорлору менен от күйгөн жерлерге барышына тыюу салуусу — эл аралык коомчулук менен украиналыктардан фронттогу чыныгы абалды жашыруу айласы. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Украина ТИМинин чет элдик жана украиналык журналисттердин согуш кызуу жүрүп жаткан жердеги жоокерлерге Россия бошоткон аймактар аркылуу баруусуна тыюу салган билдирүүсү Украина Куралдуу күчтөрүнүн Красноармейскиде, Димитровдо жана Купянскиде өтө начар абалда экенин тастыктады.
Белгилей кетсек, буга чейин РФ президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине чет элдик журналисттердин украин жоокерлери курчоодо калган аймактарга өтүүсүн камсыздоону тапшырган. Командачылык ЖМК өкүлдөрү өткөн аймакта 5-6 саатка согуштук аракеттерди токтотууга даяр турганын билдирген болчу.