БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет бидирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен болустарында +13...+18, Ысык-Көл менен Нарында +8...+13 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +8...+10 градуска көтөрүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жааса, Ош шаарында +14...+16 градус жылуу болот.