БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев кышка даярдык кандай жүрүп жатканын "Биринчи радиодогу" маегинде айтып берди.
Ал авариялык өчүрүүлөр улам азайып жатканын белгиледи.
Министрдин кебинин урунттуу учурлары:
быйыл капиталдык курулуштарга 3 миллиард сомго жакын акча жумшалды. Мисалы, Ош облусуна өзүнчө бетон заводу курулуп, жыгач мамыларды алмаштырып жатабыз;
жаңы мамыларга заманбап зымдар тартылууда. Ал техникалык жоготуулардан коргоп, авариялык өчүрүүлөрдү азайтат;
мурда энергетиктер авария болгон жерди аныктай албай дүрбү менен карап кыйналса, эми баары заманбап жабдууларга алмаштырылып жатат;
2025-жылы 500 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Муну менен лампочка үлбүрөп күйөт деген сыяктуу көйгөй жоюлат;
келерки жылы дагы 400 миң акылдуу эсептегич орнотсок үй кыдыруу токтойт
кагаз квитанциядан 40 тонна кагаз жоготуп, 10 миллион сом сарпталчу. Азыр таратпай калдык;
элди эртең менен жана кечинде бардык электр жабдууларын сайып алуудан алыс болууга чакырам.