Кыргыз ЖОЖдорунун флагманы Улуттук университетке бир кылым болду. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз интеллигенциясынын бешиги болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленди. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Президент Садыр Жапаровдун жана өкмөттүн атынан куттуктоо айтып, окуу жайдын тарыхый маанисине токтолду. Ал жерден билим алгандар арасынан Кыргыз Республикасынын 5 Баатыры, 2 Эмгек Баатыры, 11 академик, 40тан көп Эл акыны жана жазуучусу, 16 Эл мугалими, 1 олимпиада чемпиону жана башка көптөгөн инсандар чыкканын белгиледи.
1 / 3

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык тарыхын чагылдырган документтер

2 / 3

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоевге университеттин сыйлыгын, III даражадагы Манас орденин тапшырды

3 / 3

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган программадан үзүндү

"Университетте Касым Тыныстанов иштеген, Алыкул Осмонов, Турдакун Усубалиев окуган", — деди Касымалиев.
Ошондой эле Жапаров окуу жайды Манас ордени менен сыйлаганын кабарлап, аны ректорго, Догдурбек Чонтоевге, тапшырды.

"Кыргыз улуттук университети – өлкөбүздүн илим жана билим берүү тарыхында, анын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүдө өзгөчө орду бар флагман жана бүгүнкү күнгө чейин бул бийик статусун сактап келет. QS World University Rankings рейтингинде 106 өлкөдөн 24 миң окуу жайдын ичинен университет 1234-орунду ээлейт. QS Asia Азия рейтингинде 381-орунда, ал эми QS Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасындагы рейтингинде 25-орунда турат. Бул позициялар — Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын маанилүү жетишкендиктеринин бири. Бирок муну менен токтолуп калууга болбойт", — деген өкмөт башчы.
Аны менен катар эле университеттин аймагында "Евразия" аллеясы ачылды. Аземде аталган "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун башчысы жана ректор символикалык түрдө жүз жылдык төрт түп дарак тигип, келечектин мезгил кутусун салышты. Мезгил кутусу эки жолу — 50 жана 100 жылдан кийин ачыла тургандыгы айтылды.
Талас, Нарын жана Баткендеги ЖОЖдор Улуттук университетке кошулду