УКМК: Кыргызстанга мекендештерин мыйзамсыз алып кирип жүргөн вьетнамдык кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте вьетнамдык киши мекендештерин Кыргызстанга турист катары киргизип, миграция боюнча мыйзамсыз канал уюштурган деп кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Д.В.С. аттуу чет элдик улутташтарын алып келгенден кийин тигүү цехтерине да мыйзамсыз ишке орноштуруп, андан пайда көрүп турган.
"Ал, мындан сырткары, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринен келгендерди калкалап турган этникалык кылмыштуу топту Кыргызстандын ичинде түзүүгө ниеттенген", — деп маалыматта айтылды.
Вьетнамдык борбор калаадагы убактылуу кармоо жайына киргизилип, аталган кылмыштуу ишке тиешеси бар башкаларды табуу боюнча иликтөө, тергөө жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Арабаев атындагы университеттен 59 чет элдик студент чыгарылды