БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдөгү "Кемин" чек ара заставасынын өздүк курамына JAC 8 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Автоунаа ачкычын застава башчысына тапшырып жатып УКМК төрагасы чек ара бөлүктөрүн заманбап техника жана курал-жарак менен камсыздоо мекеменин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
"Ар бир чек ара тилкеси жеке көзөмөлүмдө турат. Чек арачылардын татыктуу кызмат өтөөсү жана алардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу үчүн бардык шарттарды четинен түзүп жатабыз", — деген Ташиев.
Иш-чарадан кийин Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев Ташиевге чек ара заставасын көрсөтүп чыккан.
Аталган объект толугу менен реконструкцияланып, 1-августта ачылыш аземи болгон. Заставанын имараттары оңдолуп, жаңы инфраструктуралык объектилер курулган.