БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Америка лидери Дональд Трамп бажы алымы киргизилгенден кийин АКШ дүйнөдөгү эң бай өлкөгө айланганын айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бажы алымы киргизилгенден кийин биз, Америка Кошмо Штаттары, дүйнөдөгү эң бай мамлекетке айландык деп ойлойм. Азыр жүздөгөн миллиард доллар алып жатабыз", — деген президент.
Буга чейин Трамп импорттук товарга киргизилген төлөмдөн 200 миллиард доллар түшкөнүн, каражатты бир триллионго жеткирүү ниети бар экенин айткан.
Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, АКШ ИДПнын көлөмү боюнча тизменин сап башында турат.